Арча-Бешик жаңы конушунда муниципалдык аймакты мыйзамсыз басып алуу катталды

Борбор калаада Арча-Бешик жаңы конушунда муниципалдык аймакты мыйзамсыз басып алуу катталды. Бул тууралуу 12-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган конуштун Чортеков-Ахунбаев көчөлөрүнүн жана Чортеков-Кең-Суу көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык аймагына мыйзамсыз 5 контейнер орнотулган.

Бишкек шаарынын Жеке турак жай куруу департаментинин кызматкерлери, Ленин райондук администрациясынын жетекчилери, №4-муниципалдык аймактык башкармалыгы, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте “контейнерлерди башка жерге жайгаштыруу жөнүндө” акт түзүлдү. Акттын негизинде контейнерлерди алып салуу белгиленген. 2 контейнер өз ыктыяры менен алынып, 3 контейнерди аргасыздан кыстоо менен алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
raya2
2014-09-14 14:08:30
балким Арча-Бешик жаны конушу болуп журбосун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан