Камчыбек Ташиевдин жактоочусу камактагы 3 депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү керектигин айтты
"3-октябрдагы митинг боюнча бардык тергөө иштери процессуалдык эреже бузуулар менен өттү" деп билдирди "ата журтчу" депутаттардын иши боюнча өтүп жаткан сотто Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов. Депутаттарды суракка алууда тергөөчүлөр жактоочуларды катыштырбай койгонун айткан Айткулов, Башкы прокуратуранын тергөөчүсү Исмаиловдун ишин мыйзамсыз деп табууну суранды. Ал ошондой эле 3 депутаттын тең ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү керектигин айтты.