Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Бийлик өкүлдөрү эстафета берүү менен катышкан командаларга рахмат айтууну унутуп коюшту

Бүгүн, 14-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземинде бийлик өкүлдөрүнөн эч ким сөз сүйлөгөн жок. Азем мелдештин эстафетасынын кайсы мамлекетке өткөрүлгөнү жар да салынбай туруп жабык деп жарыяланды. Атүгүл мелдешке катышып берген командаларга эл алдында ыраазычылык да айтылган жок. 15 мүнөттүн ичинде алып баруучулар (!) мелдешти жабык деп жарыялап, жабылуу аземинин расмий бөлүгү соңуна келди. Андан соң салтанаттуу бөлүгүнө орун берилди. Эсиңизде болсо, ачылыш аземи президент А.Атамбаевдин катышуусунда өткөн. Президент мелдешти ачык деп жарыялаган соң КРнын Гимни аткарылган эле. Бул жолу желбиреген желек да жок, мамлекеттик деңгээлде өтүп жаткан мелдешти жабык деп жарыялаган бийликтин өкүлү болбогону таң каларлык болду. Улутту, улуттук оюндарды жана түпкүлүгүбүздү сактап калууга багытталган мелдеш карапайым элге да, бийликке да керек эле. Бирок эл жабылуу аземине толо келип, өз ишин аткарды. Ал эми бийликтен бир кишинин басып келбегени мелдештин кайдыгерлик менен уюшулганынан башкадан кабар бербейт.

Кошумчалай кетсек, мелдешке жалпысынан 19 курама командадан 430 спортчу келип катышкан. Анда жалпысынан 10 спорт түрү (алыш, аламан байге, жорго салыш, казак күрөшү, көк бөрү, кунан чабыш, кыргыз күрөшү, ордо, тогуз коргоол, эр эңиш) боюнча медалдар ойнотулду. Командалык эсепте 1-орунду Кыргызстан курама командасы 55 медаль алуу менен ээлеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан