Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 13-сентябрда кол койгон буйрукка ылайык, 10-сентябрь күнү Нарын облусунун Жумгал районунун Каныш капчыгайындагы жана Кырчын жайлоосундагы өрттү өчүрүүдө курман болгон Нуралиев Абаскандын жана Дүйшөналиев Алтынбектин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 000 (жүз миң) сом бөлүндү. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.