Баткенде каналга чөгүп кеткен тургундун денеси табылып, туугандарына берилди

Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылынын Кара участкасындагы Төрт-Гүл суу сактагычына куюучу каналга чөгүп кеткен тургундун денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 14-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-сентябрь күнү саат 10:00 чамасында 1976-жылы туулган Нурланбек  Жусупов агып кеткен. Н.Жусупов үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал каналга барып агып кеткен.

Каналга келүүчү суу токтотулуп, ӨКМнын №3-издөө-куткаруу отрядынан 17 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүшүп, Н.Жусуповдун денесин таап, туугандарына өткөрүп беришти.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
a.akylbekov
2014-09-15 09:24:34
Суу бурганы эмес, каналга насос таштап огородун суугарып келген. Эрте менен ошол насосту суудан чыгарып коем деп, буту тайып жыгылып каналга агып кеткен.........
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан