Өткөн аптанын соңунда президент Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынынын жүрүшүндө Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында саясий жана экономикалык өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле уюмдун приоритеттери жана мындан аркы өнүгүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, экономикалык байланыштарды бекемдөө жана диверсификациялоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүүнү сүйлөшүштү. ШКУнун саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.