Өткөн ишембиде өлкөдө 19 өрт кырсыгы катталды. Өрттүн басымдуу бөлүгү электр жабдууларын пайдаланууда эреже бузуудан келип чыккан

13-сентябрь күнү саат 08:30дан 14-сентябрда саат 08:30га чейин республиканын аймагында 19 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 19 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка караганда, Ак-Ордо жаңы конушунда М.Бабаевге таандык турак үйдүн жыгач устундуу, темир  жабылган 72 чарчы метр чатыры  күйгөн. Өрт электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушунан келип чыккан.

Каракол шаарындагы Пристань-Пржевальск шаарчасында А.Зубкованын да жыгач устундуу, темир жабылган аянты 25 чарчы метр турак үйүнүн кире бериш бөлмөсүнүн чатыры күйгөн. Бул өрт да электр жабдууларын пайдаланууда эреженин бузулушунан келип чыккан.

Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында Т.Нурматовго таандык жыгач устундуу, шифер жабылган 60 чарчы метр курулуш чарбанын чатыры, 2 тонна жыйылган чөп, 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан