Жалал-Абад. Сузак районундагы балдар үйүнө 23 миң сомдук акчалай жардам көрсөтүлдү

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1-Октябрь балдар жатак-мектебине жардам көрсөтүлдү. Бул жатак-мектепте тарбияланып жаткан балдарга Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана Москва шаарындагы "KG STARS" коомдук бирикмеси 22 миң 950 сом өлчөмүндө акчалай жардам бергенин аталган элчилик маалымдады. Маалыматка ылайык, бул балдар үйү өкмөттүн токтомуна ылайык ТИМдин камкордугуна алынган. Жатак-мектеп 1974-жылдан бери иштеп, учурда 70 бала тарбияланууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан