Ош шаарында бир катар ишканалардын кыргыз тилинде жазылган көрнөк-жарнактарындагы катачылыктарынын үстүнөн иштөө боюнча "Кыргызча туура жазалы" аталышында акция өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда Ош шаардык мэриясы жана прокуратура кызматы коомдук жайлардагы көрнөк-жарнак, жазууларды текшерүүгө алганда "Мамлекеттик тил мыйзамынын" талаптары аткарылбай жатканы, көрнөктөрдө стилистикалык, грамматикалык каталарга орун берилгени айкын болуп, ишканалардын жетекчилерине эскертүүлөр берилди.
Айта кетсек, акция ушул айдын аягына чейин уланат.