Хиллари Клинтон АКШнын президенттигине ат салышарын кыйыр түрдө билдирди

АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон 2016-жылкы президенттик шайлоого ат салышарын кыйыр түрдө билдирди. Чет элдик маалымат булактарынын билдиришинче, бул тууралуу Х.Клинтон 14-сентябрда Демократиялык партиянын Айова штатындагы съездинде айтты. Он миңдеген жарандардын алдында "Салам, Айова. Мен кайрылып келдим!" деп билдирген Клинтон. Муну менен бирге съездге президенттик кампания учурундагыдай көп эл келгенин кошумчалаган экс-мамлекет катчы "мени президенттик кампания абдан толкундантат" дейт. 
Айта кетсек, Хиллари Клинтон 2013-жылы мамлекеттик катчы кызматын тапшыргандан бери президенттик шайлоого катышарын расмий түрдө айта элек. Бирок ал мамлекет башчылыкка эң күчтүү талапкер катары эсептелет.     
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан