Кыргызстандын түштүгүндө алгачкы жолу Алма фестивалы өткөрүлдү (фоторепортаж)

13-сентябрда Оштун Өзгөн районундагы Ак-Жар айылында алгачкы жолу Алма фестивалы өткөрүлдү. Уюштуруучулар мындай иш-чара буга чейин Нарын жана Ысык-Көл облустарында өткөрүлүп келгендигин белгилеп, түштүк аймагында алгачкы ирет өткөрүлүп жатканын айтып өтүштү. Фестивалда алманын 22 сорту көрсөтүлдү. 

Анда багбандарга өндүрүмдөрүн көрсөтүүгө, иштетүүчүлөр жана сатып алуучулар менен өнөктөштүк түзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, бир катар чет өлкөлүктөр иштешүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Ошону менен катар багбанчылыкты өнүктүрүү максатында каалоочуларга тегерек стол уюштурулуп, багбанчылыктын көйгөйлөрү талкууланды. Андан соң концерттик программа тартууланып, “Кара жорго” бийине жалпы коноктор тартылды. 

Фестивалга облустан, райондон жана бир катар чет өлкөдөн келген өкүлдөр болуп жалпысынан 500гө жакын адам катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан