Депутаттар айдоо жерлерине жаңы конуштар түшүп жатканына нааразы

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 15-сентябрдагы жыйынында депутаттар айдоо жерлеринин ортосуна жаңы курулуштар түшүп жатканын айтып чыгышты. Депутат Талант Узакбаев Аламүдүн районундагы көрүнүштү мисал келтирди. "Буга өзүм күбө болдум. Мен алардан жерди кантип трансформациялай тургандыктарын сурасам, жасалма документтерди жасай тургандыктарын айтып беришти. Менин депутат экенимди билишкен жок. Азыр арал айылдар пайда болууда. Сыртынан карасаң айдоо жери, ортосуна барсаң айылдар түшүп калган. Суу, свет тартышууда. Буга ким уруксат берүүдө?"- деди.
Депутат бул боюнча тийиштүү кызматтардын ишин сынга алды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан