Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин 2012-жылдан 2014-жылга чейинки иши жөнүндө маалыматын жабык эшик артында угуп жатат. Мындай чечим комитеттин бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды. Депутаттардын суроолоруна Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев жооп берүүдө.
Отунбаев элчиликтин эң чоң жетишкендиги катары президент Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылдагы Германияга жасаган иш сапарын атады.