Тармактык комитет Кыргызстан менен Түркмөнстандын достук, өз ара түшүнүшүү келишимин түзүүнү колдоду

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишим түзүү сунушу каралып, колдоо тапты. Сунушту тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев көтөрүп чыкты.

Абдылдаев эки тараптуу кызматташуу тараптардын отун жана транспорттук маселесин жөнгө саларын айтты. 

Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев кызматташуунун жаңы тепкичи пайда болоруна токтолду.

Бишкекте Түркмөнстандын элчилигинин ачылышы кызматташууну жаңы тепкичке көтөрөт. 2000-жылдарга чейин Кыргызстанда эң мыкты деген 3000 түркмөн студент окуп кеткен. Элчилик менен ушул жагын да макулдашыш керек. Бул биздин инвестицияга чоң салым болот”,- деди Иманалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан