“Жапалак” унаа базарынын мыйзамсыз жайгашканы боюнча козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 15-сентябрда билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Р.М. жана Ош шаары боюнча Шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Б.Нга “кызмат абалынан пайдалануу” жана “кызмат укуктарынан аша чабуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Аларга “Жапалак” унаа базарын курууда айыл чарбага керектүү 12 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилген жана аталган жер тилкеси убактылуу пайдаланып жаткан жарандан мыйзамсыз алынган” деген айып тагылууда.
Ошондой эле экологияга 3,5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.