Бишкекте дүлөй жана азиз адамдар үчүн машыгуу залы ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкектеги Азиздер жана дүлөйлөр коомунун имаратында машыгуучу залдын ачылышы болуп өттү.

Иш-чарада аталган уюмдун жетекчиси Калык Мамбетакунов: “Кыргызстандагы Азиздер жана дүлөйлөр коомунда 10 200 адам катталган. Алардын ичинен 5600 адам - азиздер, 4500 адам - дүлөйлөр. Бул борбор Кыргызстандагы Швейцариянын ыйгарым укуктуу элчиси Рейн Холенштайндын жардамы менен ачылды. Аны ачууга 626 миң сомго офтальмологиялык, сурдологиялык жана машыга турган жабдуулар алынды. Бул борбордун максаты - биздин коомдун мүчөлөрүнүн ден соолугун тез-тез текшерүү”,- деди.

Ал буга чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер машыгууну тилек кылып жатканын билдиргенин айтты. “Бул борбордо алар жана алардын туугандары каалаганча акысыз машыга алышат. Албетте, азиздер жана дүлөйлөр алдын ала сөзсүз түрдө дарыгерлерден текшерүүдөн өтүшү зарыл, анткени физикалык оордук алардын ден соолугун начарлатып коюшу да мүмкүн”,- деп кошумчалады К.Мамбетакунов. Ошондой эле мындай жабдуулар Дүлөйлөр жана азиздер коомуна биринчи жолу келип жатканын баса белгиледи.

Ал эми угуусу начар айым Танзиля Хамитова өз кубанычын коюнуна батыра албай журналисттер менен маек кура баштады. “Мен жаш кезимден бери майыпмын. 1970-жылдан бери Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү болуп саналам. Машыгуучу зал жана офтальмологиялык борбордун ачылышына абдан ыраазымын. Эми ушул жакка келип машыгып турам”,- деди ал.

Бишкекте дүлөй жана азиздердин машыгуу залы ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuru95kg
2014-09-15 12:42:54
ен жакшы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан