Түрк маданияты жана мурасы фондуна тийиштүү каржы эрежелеринин долбоору иштелип чыкты

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында курамына Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан кирген Түрк маданияты жана мурасы фондуна тийиштүү каржы эрежелеринин долбоору иштелип чыкканы белгилүү болду. 

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Түрк маданияты жана мурасы фондун түзгөн жалпы каражаттын 0,5 пайызын түзүп, бул фондду түзүүгө катышкан өлкөлөрдүн ичинде эң төмөнкү үлүш болуп саналат. Ал жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен бекитилип турат. Бирок фонддун 2015-жылга карата жалпы каражатынын көлөмү азырынча тактала электиктен комитет кийинки отурумдарда кароону кабыл алды. 

Белгилей кетсек, 2012-жылдын 23-августундагы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда жалпы түрк элдеринин тарыхый жана маданий мурастарын сактоо максатында Түрк маданияты жана мурасы фондун түзүү келишимине кол коюлган. Анын жобосу 2014-жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан