Вице-премьер Тайырбек Сарпашев: "Айыл чарбага берилүүчү насыянын көлөмү 4,5 эсеге өстү"

Өкмөт билдиргендей, 2013-жылдын февраль айынан баштап айыл чарбада иштегендерге насыя берүү башталат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев биздин суроолорубузга жооп берди.
"Айыл чарбага насыя берүүгө өткөн жылдын сентябрь айынан тартып эле даярдана баштаганбыз. Быйыл каржы ресурсу боюнча өзгөрүүлөр бар. Өкмөт былтыркы жылы 4 пайыздык кредитке 1 миллиард сом бөлсө, өз мөөнөтүндө берилбей же каражат убагында табылбай калып, белгиленген сумма толугу менен таратылбай калган. Мындай тобокелчиликтерди эске алуу менен быйыл банктар менен иштешүүнү эп көрдүк. Анын үстүнө, муктаждыктын өзү 1 миллиард сомдон алда кайда жогору. Бул жылдын жеңилдетилген насыянын жалпы көлөмү 4,5 миллиард сомдон турат, өз учурунда өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 эсеге жогорулоо болорун билдирет. Баш-аягы 22 банкты чакырганбыз, алардын ичинен терилип отуруп, бешөө калды. Алар 20 пайыз менен беришет. Бирок анын 10 пайызын мамлекет, калган 10 пайыздык үстөгүн дыйкандар төлөйт",- деди Тайырбек мырза.
Кредиттин жалпы көлөмүнүн 35 пайызы, демек, ар бир үчүнчү киши алгачкы ирет насыя алып жатканга берилет. Күрөөсүз 50 миң сомго чейин насыя берүү программасы быйыл да улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан