Военно-Антоновка жана Новопавловка айылдарындагы жерлерге Кызыл китеп берүүнү убактылуу токтотуп туруу сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков Сокулук районунун Новопавловка жана Военно-Антоновка айылдарында Жер кодексинин талаптары бузулуп жатканын айтып чыкты. Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 15-сентябрдагы жыйынында депутат Новопавловка айылында 760 гектар айдоо жери бар (өзгөчө баалуу жерлердин катарына кирери айтылды). Ал жер жарандарга айыл чарба багытында иштетүү үчүн берилген. Бирок алар айдоо багытында пайдаланылбай, учурда үйлөр курулууда. Бул маселени атайын түзүлгөн жумушчу топ иликтеп жатканын айтат ал. 
Военно-Антоновка айылында трансформация болбогон 140 гектар жерге курулуштар түшүп жатканын айтты. Жумушчу топ аталган эки айылдагы жерлерге Кызыл китеп берүүгө убактылуу мораторий жарыялоону жана 2005-жылдан бери иштеген Сокулук райондук кыймылсыз мүлккө укукту каттоо жана кадастр департаментинин жетекчилигинин, айыл өкмөт башчыларынын ишине баа берүүнү сунуштаган. Бул маселени жалпы жыйында кароо чечими кабыл алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан