Эльвира Сариева баштаган делегация Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынына катышат

Бүгүн, 15-сентябрда Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинде "2015-жылдан кийинки мезгилде аймактык деңгээлде өнүктүрүүнүн күн тартиби боюнча мониторинг жана жоопкерчилик" деген темада жыйын башталат. Кыргызстандын атынан бул иш-чарага вице-премьер-министр Эльвира Сариева катышарын өкмөттөн билдиришти. Маалыматта айтылгандай, 2000-жылы миң жылдыктын саммитинде мамлекет башчылары бир катар максаттарга жетишүүнү күчөтүү чечимин кабыл алышкан. Анда жалпы башталгыч билим берүүнү камсыздоо, гендердик теңчилик жана аялдардын укук, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, балдардын өлүмүн азайтуу, энеликти коргоону күчөтүү, ВИЧ-СПИД менен күрөштү катуулатуу пландары каралган.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан