Депутаттар Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинин ишин сынга алышты

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 15-сентябрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинин ишин сынга алышты. Бир топ жылдардан бери Кыргызстандын ал жактагы элчилигинин эмне иш кылып жатканы белгисиз. Эки тараптуу кызматташтык да өз ордунда эмес. Министрлик ушуну көзөмөл кыла алса, чечпейсиңерби?”- деди депутат Бахадыр Сулейманов.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бул багытта тиешелүү чараларды көрүүгө, тез арада абалды оңдоого убада берди. Учурда Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси - Жаныш Рустенбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан