Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 15-сентябрдагы жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев: “Германиянын канцлери Ангела Меркель "Кыргызстан - авторитардык режимди жеңе алган Орто Азиядагы намыскөй өлкө" деп белгиледи”,- деп билдирди. Элчинин айтымында, Германия Кыргызстанга 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин өтө маани берип келет.
“Меркель өткөн жылы Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун Герман экономикалык Чыгыш комитетинин 60 жылдыгында сүйлөп жатып “Орто Азия боюнча Кыргызстан - авторитардык режимди жеңе алган намыскөй өлкө. Кичинекей мамлекет болгонуна карабастан, демократия жолун тандап алып, парламенттик республиканы түптөдү” деп айтты. Меркелдин трибунадан туруп ушинтип айтканы бизди кубандырат”,- деди Отунбаев.