Жогорку Кеңештин тармактык комитети Ошто жыйын өткөрүүдө

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүүдө. Жыйында "КРнын Президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору талкууланууда. ЖКнын басма сөз кызматынын билдиришинче, комитет төрайымы Наталья Никитенко бул мыйзам долбоору саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесин түзүүнүн жаңы тартибин бекитүү, добуштарды эсептөөдө жана шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда жаңы технологияларды киргизүүгө багытталганын айтат. "Шайлоо мыйзамдарын реформалоонун зарылдыгы көрсөткөндөй, бизге ар түрдүү аянттарда эксперттик талкууларды өткөрүү керек. Жогорку Кеңеш да бул теманын кеңири талкууланышына кызыкдар",- дейт Никитенко. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан