Ош шаарынын аймагында жалпысынан 640 көп кабаттуу үй бар. Анын ичинен быйыл 45 көп кабаттуу үй жылуулук системине туташтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул Ош шаарындагы газдын жоктугунан кышка кам көрүү максатында жүзөгө ашырылууда. Жылуулук системине туташтыруу иштерин аткаруу үчүн кеткен чыгымдардын 50 пайызын Ош шаардык мэриясы каржыласа, калганы жергиликтүү тургундар тарабынан чогултулмакчы. Бул үчүн шаардын казынасынан 7 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн.
Мындан сырткары 23 үй-бүлөлүк жатакана бекер жылуулук системине туташтырылууда.