Бишкекте "батир алып берем" деп 15тен ашык жаранды алдаган аял кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан алдамчы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Назира аттуу аялдын "көп кабаттуу үйдөн батир алып берем" деп 42 миң долларын алып, ошол бойдон качып кеткенин айткан. Бул боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү кармалган. Алгач анын өздүгүн тактоо кыйынга турган. Анткени кылмышка шектүү 3 жолу аты-жөнүн өзгөрткөнгө жетишкен. Учурда ал Мэри Жумакова болсо, буга чейин Назира Кенжебаева, Назира Жумакова болуп жүргөн. Ошондой эле кылмышка шектүүнүн алдамчылык иш-аракеттеринен улам 15тен ашык шаар тургуну жабыркаганы белгилүү болгон.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Эгерде кимде-ким аталган айымдан жабыркаса, 0 558 02-18-02, 0 553 10-28-32 телефон номурларына кайрылышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bopos
2014-09-15 15:31:20
ой тобоо,кудай озу сактасын жамандыктан.аял киши уялчаак болуп назданчы эле азыр болсо ууру кылган,алдаган ж.блардын копчулугун аял киши эркектерден отуп жасап жатканына зээнин кейийт экен.онолсок экен,ошол жасаганы тапканы жакшылыка буйрубайт да эми.
+1
alibekova94
2014-09-15 16:56:39
УЯТ ЭЛЕ ! кантип жашап журот бироонун акысын жеп
+1
Maripa
2014-09-15 18:32:08
Башынды жегир. Акча акыры не кылды сени. канча деген айылдыктын акчасын жуттун?. эми турмо сага.
+4
chomly88
2014-09-16 03:50:09
42мин$ оохуу чон акча экен,бул акчага Кыргызстанда омур бою жашайсын, ошончо акчаны тааныбаган адамдын колуна кармата салган адамдар да кызык, азыркы заманда бир тууганга да ишениш кыйын.
0
artur_95kg
2014-09-16 09:40:24
Буга окшогон арам тамактар камалса деле аз атып салыш керек ошондо кутулабыз камалса деле 1 жылга жетпей чыгышат акча берип 42 мин$ 5 мин $ доларын берсе сотор путунан ооп чыгарып жиберет.
0
WINNER
2014-09-16 12:40:49
Арам тамак! Ошондон коро тилемчилик кылбайбы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан