15 миң сом пара алып жаткан жеринен 2 мамлекеттик кызматкер кармалды

“Пара талап кылган” деп шектелип, Бажы кызматынын инспектору жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 15-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын май айында аталган кызматкерлер А.А.К. аттуу Кыргызстандын жаранын контрабандалык товарларга шектүү деп кармашып, жоопкерчиликке тартпаш үчүн 200 доллар алышкан. Жаран кийин дагы 200 доллар алып келип бермей болгон. Бирок убакыт созулуп кеткендиктен, жогорудагы суммага дагы 100 доллар кошушкан.

Бул боюнча жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин негизинде кылмышка шектүү эки кызматкер 15 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.  

Учурда “пара талап кылуу” жана “пара алуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chomly88
2014-09-16 05:44:11
Менттердин ичинен таза иштегени барбы озу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан