Жогорку Кеңештеги Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 15-сентябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын “Чек ара ыйгарым укуктуулары” жөнүндө мыйзам долбоору талкууланып жатат. Демилгечи -депутат Бакыт Төрөбаев.
Мыйзам долбоору чек арага чектеш жашаган аймактардагы жашоочуларга курал көтөрүүгө макулдук берет.
Депутат Нурлан Төрөбеков мыйзам долбооруна каршы чыкты. “Макулдук бердик дейли, эртең бири-бирин атып алса ким жооп берет? Жоопкерчилик болуш керек да. Укуктук жактарын карап чыгыңыздар. Мен бул мыйзам долбооруна каршымын”,- деди.
Ал эми депутат Исмаил Исаков: “Биз бул мыйзам долбоору менен Чоң-Алай, Чаткал, Ат-Башы райондорундагы бийик тоолуу жерде жашагандарга курал көтөрүүгө уруксат берип жатабыз. Алар кадимки жаран болгону менен, Чек ара кызматында иштегендердей эле эрежеде колдонушат”,- деди.