Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 15-сентябрда укук коргоо органдарынын башчылары менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Оторбаев өлкөдөгү жолдорду тосуу, кендерди өз алдынча башкарып алуу өңдүү мыйзамсыз иштердин алдын алууда укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрү жетишсиз иштеп жатканын айтты. "Президент Алмазбек Атамбаев жакында Көз карандысыздык күнүн майрамдоо учурундагы сөзүндө биз өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүшүбүз керектигин туура белгиледи. Биз үчүн эң зарыл принцип тартип жана мыйзамдуулукту сактоо болушу керек. Бардык мыйзамсыз аракеттер катуу, мыйзам чегинде токтотулушу шарт",- деди премьер.
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев, ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев коомдук-саясий кырдаал боюнча маалымат беришти. Алар жалпы жонунан алганда өлкөдө кырдаал туруктуу жана көзөмөлдө экенин билдиришти.
Өкмөт башчы ИИМ менен УКМКнын, прокуратура, сот органдарынын ыкчам реакция жасоодо аксап жатканын айтуу менен жол тосуу, кендерди өз алдынча башкарууга байланышкан чыр-чатактарды жоюуда мамлекеттик органдардын өз ара иштешүүсүн күчөтүү зарыл экенин белгиледи.