Эльвира Сариева Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында баяндама жасады

Бүгүн, 15-сентябрда Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинде "2015-жылдан кийинки мезгилде аймактык деңгээлде өнүктүрүүнүн күн тартиби боюнча мониторинг жана жоопкерчилик" деген темада жыйын өтүүдө. Жыйында Кыргызстандын вице-премьер-министри Эльвира Сариева буларга токтолду:
"Теңчиликти, аймактык жана глобалдык тыгыз өнөктөштүктү камсыз кылууда начар өнүккөн өлкөлөргө мүмкүнчүлүк берилет. Мунун ичинде ресурсу чектелүү тоолуу өлкөлөр бар. Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын негизги бөлүгү экологиялык коопсуздук жана климаттын өзгөрүшүнө карата ыңгайлашуу, саламаттыкты сактоо, аймактык кызматташтыкты талап кылат". 
Сариева күн тартибине мамлекеттик башкаруунун сапатын жакшыртуу, экономикалык өсүштүн туруктуулугу жана жаңы иш орундарын камсыз кылуу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы тейлөөнү жакшыртуу өңдүү маселелерди киргизүү керектигин кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан