Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 16-сентябрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Көлмө (Максат, Мидин, Кулиев, Коммунаров, Азаттык көч.) конушунда №2099-чордону оңдолгонуна байланыштуу электр жарыгынын өчүрүлүшү ыктымал.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан, Кой-Таш, Көк-Жар (Кыял, Майрам, Карагул Акмат, Мадиев көчөлөрү, Төрт-Күл конушунда), Кырман, Учкун, Маевка, Гроздь, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка (Мичурин, Восточная, Северная, Чапаев, 8-Март, 9-Май, Пионерская көч., Ленин, Победа чоң көчөлөрүндө), Восток (Сейтек, Семетей көч.) айылдарында “Стрельниковой”, “Орок”, “Лебединовка”, “Тепличная”, “Бирлик”, “Карагачевая”, “Нур” көмөк чордондорунан тараган 10/6 кВт аба электр чубалгыларынын оңдолгонуна байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Мындан сырткары Бишкектеги Красный Строитель тараптагы Кирпичная, Матросов жана Сумск көчөлөрүнө, Жумабек, Рыскулов, Кулиев, Деповск, Тойгонбаев, Осмонов, Алтымышев, Рылеев, Нахимов, Овстровский, Абдыкадыров көчөлөрүнө, Краснознаменный, Атбасар, Кузбасс, Макеев, Механический, Омский, Тажик тар көчөлөрүнө, Жибек Жолу чоң көчөсүнө "акылдуу" эсептегич орнотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан