Чүй облусундагы Мыкан айылында жашаган 26 жаштагы айым адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Мыкан айылынын 26 жаштагы тургуну Ленинское айылына конокко барган. Ал жактан 62 жаштагы адам менен уруша кетип, түртүп жиберген. Башы менен асфальт жолго жыгылган жаран кийин ооруканага бара жатып каза тапкан. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.