Жаш офицерлер үчүн окуу-методикалык чогулуштар өткөрүлдү

Жогорку аскер окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн окуу-методикалык чогулуштары аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 2-13-сентябрь күндөрү аталган штабдын офицерлери аскердик ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү менен чогулуштарды өткөрүп, акыркы күнү алар менен Башкы штабдын башчысы Асанбек Алымкожоев жолугушкан. Ал куттуктоо сөзү менен чыгып, жаш офицерлерге келечектеги кызматта ийгилик каалады. Андан соң А.Алымкожоев мыкты бүтүрүүчүлөргө китептерди тапшырды.

Айта кетсек, аталган чогулуштарга 77 адам катышты. Алардын жүрүшүндө жаш офицерлер үчүн тактикалык даярдык, жалпы аскердик жобо, ок атуу жана физикалык даярдоо боюнча сабактар өтүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан