Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбеков өлкөдөгү ветеринардык абалга тынчсызданып жатканын парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 15-сентябрдагы жыйынында билдирди. Депутат өлкөдө канча мал кырылганы боюнча өкмөттүн маалыматы бар же жоктугун сурады. Жыйынга катышып жаткан өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып: "Канча мал кырылып, канчоосу ооруп жатканын көрүп жатасыңар. Фермерлердин абалы оор бойдон. Мен кырылган малдар боюнча маалымат чогулттум, мисалы, Чүйдө кимдин канча малы кырылганын айтып бере алам. Өкмөттүн канча мал кырылганы боюнча кабары барбы?"- деди.