Нарын Мамлекеттик университетинин алдындагы Мугалимдердин билимин жогорулатуу борбору 2013-жылдын 14-январынан баштап райондогу орто мектептердин мугалимдерине билим өркүндөтүүчү курстарды өткөрүүдө. 26-январда бул окутуу курстарынын биринчи этабы аяктай тургандыгын аталган борбордун жетекчиси Жолдошбек Мамбеталиев билдирди. "Орто мектептеги мугалимдер шарт боюнча милдеттүү түрдө 5 жылда бир билим жогорулатуу курстарынан өтүп туруулары керек. Бул жаатта Кыргыз билим берүү академиясы жана Нарын мамлекеттик университети ошондой эле райондук билим берүү бөлүмдөрү менен биргелешип иш жүргүзүлөт. Бир окуу жылынын ичинде орто мектептердин окуу предметтерине ылайык 36 курс өткөрөт. Алар 12 күн 72 сааттык программа менен ишке ашат",- дейт Мамбеталиев.