Орусия парламентинин депутаты Алина Кабаева мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырат

Мамлекеттик Думадагы "Бирдиктүү Орусия" партиясынын депутаты Алина Кабаева депутаттык ишин токтотот. Муну 15-сентябрда орусиялык ММКлар жарыялашты. Депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Кабаеванын өтүнүчүн канааттандыруу суранычын тийиштүү комитет Төмөнкү палатага жиберди. Комитет төрагасы Сергей Поповдун билдиришинче, Кабаеванын парламенттен кетиши башка кызматка которулганына байланыштуу. Комитет мүчөсү Надежда Герасимова мындан ары Кабаева спорттук маселелер менен алектенерин айтты. 
31 жаштагы Алина Кабаева - 5-6-чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын депутаты. Көркөм гимнастика боюнча 2000-жылкы Олимпиаданын коло медалынын, 2004-жылкы Олимпиада оюндарынын алтын медалынын ээси. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан