Ош. Жеңил унааны уурдап бара жаткан жеринен Кара-Суу районунун тургуну кармалды

Ош шаарында унааны уурдап бара жаткан жеринен Кара-Суу районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 15-сентябрда билдирди.
Алынган маалыматтарга ылайык, Ош шаарынын Монуев көчөсүндөгү №1-үйдүн алдынан Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа жоголгон. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобунун жана Жол-кайгуул кызматынын биргеликте көргөн иш-аракетинин натыйжасында аталган унааны уурдап бара жаткан жеринен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнүн Тээке айылынын тургуну А.У. аттуу жаран кармалган.
Бул кылмыш иши  боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан