Япония “Манас” аэропортуна 16 миллион долларлык жардам берет

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында “КРнын Өкмөтү менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарынын долбоору жана КРнын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык өнүгүү агенттигинин ортосундагы Эл аралык “Манас” аэропортунун жабдууларын жакшыртуу долбоору боюнча гранттык макулдашуунун” долбоорун жактырды. Талкууда бир катар суроо-жооптор орун алды. 

Макулдашууга ылайык, Япония Эл аралык кызматташтык өнүгүү агенттиги “Манас” аэропортунун эскирген жабдууларын заманбап техникаларга алмаштыруу максатында 16 миллион доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берүүдө. Гранттык каражат толугу менен техникалык жабдуу түрүндө берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан