Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 15-сентябрда “Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Жайыттарды жана мал чарбаны башкарууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу” долбоорун артка кайтарды. Документте насыянын жоопкерчилигин ала турган жактар так аныкталмакчы.
Мал чарбасы менен жайыттарды жакшыртуу менен элет тургундарынын арасында жакырчылыкты азайтуу максатында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 15 миллион доллар бөлүүдө. Анын 6,2 миллион доллары же 45 пайызы гранттык каражат, калган бөлүгү жеңилдетилген насыя. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин айтымында, насыя 0,75 үстөк пайызы менен 40 жылдык мөөнөткө берилип жатат. Анын алгачкы 6 жылында насыя төлөмдөрүнөн бошотулат. Келишимге ылайык, алынган каражаттын 1,5 миллион долларын өлкөнүн Жайыт комитеттери, калганын республикалык бюджет төлөй турганы белгилүү болду.