Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 15-сентябрда Европа кеңешинин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Янош Херман менен жолугушту. Сүйлөшүүдө өкмөт башчы Кыргызстан Европа кеңешинин "Демократия боюнча өнөктөш" статусун алганын жана 2015-жылкы парламенттик шайлоого даярданып жатканын билдирди. "Кыргызстан демократиялык түзүлүш туруктуу мүнөзгө ээ болушу үчүн реформаларды улантат. Биз демократияны жана күчтүү жарандык коомду курууда ири тажрыйбасы бар Европа кеңеши менен кызматташтыкты улантууга кызыкдарбыз",- деп билдирди Оторбаев.
Янош Херман Европа кеңеши Кыргызстандагы демократиянын, Борбордук Азиядагы биринчи парламенттик демократиянын өнүгүшүнө назар салып турганын айтты.