Акыйкатчыны Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарына жиберүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда парламенттин жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева билдирди. Анын айтымында, Орусияга акыйкатчынын өкүлчүлүгүн ачуу керек. “Орусияда биздин мекендештерибиз көп жана алар укуктук жардамга муктаж. Ал жакка акыйкатчынын өкүлчүлүгүн ачуу керек же жок дегенде акыйкатчы алардын абалы менен таанышып келүү үчүн барып келүүсү керек”,- деди эл өкүлү.