Кара-Суу районунда табылган миналар кооптуу эмес. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 15-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, табылган 203 даана мина окуу куралы болгон. Анын ичине жарылуучу зат эмес, кум толтурулган. Ошондой эле миналар табылган жерде мурда аскер бөлүгү орун алганы белгилүү болду. Учурда аларды жок кылуу иш-чаралары жүрүүдө.
Айта кетсек, буга чейин аталган райондун Таштак айылындагы турак үйлөрдүн биринен жерге көмүлгөн миналар табылганы айтылган эле.