Бүгүн, 15-сентябрда Токмок шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү ишкананын алдында уюштурган митингдин катышуучулары милиция тарабынан күч колдонулгандыгына нааразы болушууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин жетекчиси Замирбек Көчөрбаев билдирди.
“Бүгүн 100-150 чакты жергиликтүү тургун чогулуп, аталган ишкананын ишин токтотуу талабы менен митингге чыкканбыз. Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери митингди өткөрүүгө тоскоолдук жаратып, 5-6 улгайган апаларыбызды ары-бери сүйрөштү. Эми бул факт боюнча иш козголобу же козголбойбу белгисиз”,- деди З.Көчөрбаев.
Андан соң ал 19-сентябрга чейин талаптар аткарылбаса, тургундар кытай кызматкерлерин күч менен кетирүүгө ниеттенгенин баса белгиледи. “Бул мунай ишканасы биздин үйлөрүбүздөн 100 метр аралыкта жайгашкан. Мындан тышкары жаңы салынган дагы бир база бар. Ал жакка вагондор менен бензин куюшат. Андан чыккан жытка тургундар ууланып, ооруканага жатышууда. Эгер биз азыртадан бул ишкананы жаппасак, жакын жайгашкан аймактагы үйлөрдүн тургундары да ууланып калышы мүмкүн”,- деп түшүндүрдү ал.
Айта кетсек, буга чейин Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы аталган митингге 100 эмес, 30 эле адам чыкканын билдирген. Мындан тышкары бул кызмат митингдин жүрүшүндө эч кандай укук бузуулар катталбаганын да белгилеген.