Алыс тууганы болгондуктан, үйлөнө албай калган кыргыз жигит Орусияда сүйүктүүсүн өлтүрүп, кыздын абийирин жашырганын айтты

Орусияда "жумушка кеткен бойдон дайынсыз" деп изделген кыргызстандык кыздын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кыздын сөөгү алты күн мурун мекенине жөнөтүлгөнүн 15-сентябрда КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 4-сентябрь күнү Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине Т.О. аттуу жаран кайрылып, 27-август күнү жоголгон О.к.П. аттуу кызын издөөгө жардам сураган. 

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 1994-жылы туулган кыз Новокасино районунда (Орусия) жумушуна кеткен боюнча дайынсыз экени айтылган. 

Элчилик тарабынан 6-сентябрда ММКлар аркылуу издөө салынгандан кийин Энтузиаст жолун оңдоп жаткандар токойдон жаш кыздын сөөгү табылганын билдиришкен. Полиция иликтөө жүргүзүп, кыздын үч күн мурун жан бергенин аныкташкан. 7-сентябрь күнү каза болгон жаран буга чейин изделип жаткан 20 жаштагы  О.к.П экени такталып, анын өлүмүнө шектүү катары маркумдун алыс тууганы, 1991-жылы туулган Б.А. кармалган. 

Туугандарынын маалыматына ылайык, Б.А. Москва шаарында кызга жолугуп, үйлөнүү ниетин билдирип келген. Бирок алардын алыс туугандыгы никеге турууга тоскоол болгон. Ага карабай кылмышка шектүү кызды үйлөнүүгө көндүрүүгө аракет кылган. 

Полицияга берген көрсөтмөсүндө шектүү кылмышын мойнуна алып, "Аны менен жолугууга барганда белгисиз адамдар аны зордуктап жатканын көрдүм. Ал намыстанып, ыйлап, өлтүрүүнү суранды. Анын кыйналганын көрүп суранычын четке кага алган жокмун" деген. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Ganibal87
2014-09-15 18:23:10
Кыздарынарды жонотпогулочу туугандар ептеп Кыргызстанда еле тирилик кылсынчы сураныч силерден ата-енелер
+11
Biinura
2014-09-15 18:30:54
Новокосинодо турчу экен эле да ээ? Жайы жаннаттан болсун. Тууганынан жакшы сурак алса озу эле зордуктаган болуп чыгат.
+4
Alai.kyzy
2014-09-15 19:29:54
Biinura, мен да ойлоп жатам ушул бала озуле зордуктаса керек деп...
+1
Biinura
2014-09-16 09:48:58
Alai.kyzy, несомненно.
0
zman53
2014-09-15 18:33:25
Айласы кеткеден кийин айтылган соз.Эркекче мойнуна алып,жазасын алса болмок.
+2
myrza80
2014-09-15 18:38:26
аябай ишендик бой бой аябагандай гумандуу жигит экен,андай гумандуу экенсин ошол зордуктагандарды олтуруп кызга уйлонуп кызды сактап калбайт белен ишак.
+13
mega.boorsok
2014-09-16 10:33:24
myrza80, эн туура ой
0
tuba83
2014-09-15 18:40:15
байкуш кыз,жаны жанната болсуу
0
kursantbek
2014-09-15 19:55:18
зордуктагандардыда кармайт бекен??
0
Zarema94
2014-09-15 19:59:32
Кудай сактасын! Кыргыз жигиттери,кыздары, ыймандуу бол0лу. Кыздарды мынтип алыска жалгыз ж0н0тп0ш керек. Аял киши алсыз эмеспизби,к0рунг0н эркек к0рд0п кетиши мумкун. Андыктан кыргызымдын жигиттери намысты бек сактагыла!
+2
alai81
2014-09-16 00:00:14
Кыйратат озу эле кылган болсо керек.
0
beast
2014-09-16 00:54:36
интернетды жардыгоо бул кыз москвада
0
Kyrgyzstanec
2014-09-16 16:52:43
beast, кенениреек айтып берсениз.
0
KUMU89
2014-09-16 03:27:02
Ыйман берсин жалпыбызга.
0
tursunmurat1991www
2014-09-16 10:40:40
Урматуу кыргызстандыктар сураныч кыздарынарды чет олкого жонотпогулочу андан коро тигуу цехтерге жайгаштыргыла сураныч
0
WINNER
2014-09-16 12:36:29
Токойдон башка жерде жолукса болбойт экенби?! Дагы зордуктап жатышыптыр дегени кандай?!
0
m82
2014-09-16 14:06:08
кайсы бети менен калп айтып жатат. у него мотив был на убийство. надо его самого жестко проверить
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан