Каржы министрлиги: Милиция кызматкерлеринин маянасына акча өз убагында бөлүнүүдө

Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин эмгек акысын каржылоого, анын ичинде атайын багыттагы полктун кызматкерлерин күтүүгө каражаттар республикалык бюджеттен өз убагында жана толугу менен бөлүнүүдө. Муну 15-сентябрда Каржы министрлиги билдирди. Маалыматка таянсак, Ички иштер министрлигинин алдында республикалык бюджеттин эмгек акы боюнча карызы жок. 

"Атайын багыттагы полктун кызматкерлерин күтүүгө кошумча каражаттар “2014-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомол жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө каралат" деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, ИИМдин атайын багыттагы полку “2014-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомол жөнүндө” мыйзамга кол коюлгандан кийин өкмөттүн 2014-жылдын 19-мартындагы токтомунун негизинде түзүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан