
* Мындан 106 жыл мурун, 1908-жылы америкалык ишкер
Уильям Дюрант тарабынан дүйнөдөгү ири автоунаалар корпорацияларынын бири "General Motors" негизделген. Ал дүйнөдөгү автомобиль жасоо жагынан япониялык "Toyota`дан" кийинки экинчи ишкана болгон. Компаниянын чыгарган Cadillac, Buick үлгүсүндөгү автоунаалары АКШнын улуттук сыймыгына айланган. "General Motors" 2009-жылы 1-июнда банкрот болгондугу жөнүндө Ак үйгө расмий түрдө арыз берип, ал АКШ өнөр жайынын тарыхында банкротко учуроонун эң ири окуясы болуп калган.

* Мындан 87 жыл мурун, 1927-жылы "Коломбо" телесериалындагы ролу менен таанылган америкалык актёр
Питер Фальк Нью-Йоркто туулуп, 2011-жылы 23-июнда оорудан улам 83 жашында каза болгон. Актёрго атактуулук алып келген "Коломбо" сериалына 1968-жылдан 2003-жылга чейин тартылган. "Эмми" сыйлыгынын 5 жолку, "Алтын глобус" сыйлыгын ээси Питер Фальк жалпысынан 107 тасма жана сериалдарда роль жараткан.

* Мындан 58 жыл мурун, 1956-жылы америкалык фокус чебери жана иллюзионист
Дэвид Копперфильд АКШнын Нью-Жерси штатындагы Метачен шаарында туулган. Ал 18 жашында телевидениеге чакырылып, “Дэвид Копперфильддин сыйкыры” аттуу берүүнү алып барган. Белгилүү болуп калганда CBS телеканалынан чыга баштаган. Анын чоң иллюзияларынын алгачкысы учактын жок болуп кетиши болгон. Андан кийин элдин көз алдында "Эркиндик" эстелигин жогото алган. Ошондой эле Аризона штатындагы Чоң Каньон аркылуу учуп өтүү, Улуу Кытай дубалдарынын арасынан өтүү, дүйнөдөгү эң катаал Алькатраса түрмөсүнөн качуу, Бермуд үч бурчтугуна саякаттоо, жарылып жаткан имараттан качып чыгуу, Ниагара шаркыратмасынан өзүн таштоо, көрүмчүлөр мекендеген үйдү изилдөө жана күйүп турган отто жашоо сыяктуу иллюзияларды аткарып, элди таң калтырган.

* Мындан 25 жыл мурун, 1989-жылы советтик маньяк, садист жана педофиль
Анатолий Сливко өлүм жазасына тартылган. Анатолий Сливко 16 жашка чейинки 7 өспүрүм баланы кыйнап өлтүргөндүгү үчүн 1985-жылы 28-декабрда кармалган. Ал дайыма кыйнап, өлтүрүп жатканда видеого, сүрөткө тартып жүргөн. Ошол видео, сүрөттөр кийин өзүнө каршы колдонулуп, 1986-жылы сот атууга өкүм чыгарып, Анатолий Сливко 3 жылдан кийин атылган.