Кыргызстанда бир апта ичинде күйүүчү майлардын баасы 0,73 - 4,89 пайызга өстү. Муну 15-сентябрда Экономика министрлиги билдирди. Маалыматка таянсак, Нарын, Кара-Балта, Талас, Токмок, Балыкчы, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 0,78 пайызга, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 1,55 пайызга өстү. Ош жана Баткен облустарында АИ-80 бензини 4,89 пайызга, АИ-92 бензини 1,47 жана 2,99 пайызга, Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя шаарында АИ-80 бензини 0,73 пайызга, АИ-92 бензини 1,47 пайызга жогорулады.
Экономика министрлиги Орусияда мунай продукцияларынын тартыштыгы сакталып жатканын билдирет.