Комитет чек арага чектеш жашаган жарандарга курал көтөрүүгө макулдук берген мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештеги Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 15-сентябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын “Чек ара ыйгарым укуктуулары” жөнүндө мыйзам долбоору талкууланып, экинчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбооруна ылайык, чек арага чектеш жашаган аймактардагы жашоочуларга курал көтөрүүгө макулдук берилет.

Баяндама жасаган Алмазбек Баатырбековдун айтымында, алыскы тоолуу аймактагы чектеш айылдарда жашаган айыл тургундары чек араны коргоого алып, аларга курал алууга уруксат берилет. Ошондой эле алар чек ара кызматкерлери менен бирдей эле эреже сакташат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан