23-январь күнү Нарын шаардык муниципалдык "Таза Нарын" ишканасынын жетекчилигинин жылдык отчётун берди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиевдин катышуусу менен жыл ичинде аткарылган иштери боюнча ишкана жетекчиси Билимбек Жакиев маалымат берди.
Анда айтылгандай, 2012-жылы Нарын шаары 5 аймакка бөлүнүп, 20дан 54кө чейинки таштанды түйүндөрүн таштанды чыгаруучу 6 унаа тейледи. Ал эми таштанды боюнча 20 жумушчу кызмат кылышты. Мындан сырткары шаар көчөлөрүн көрктөндүрүү, жол чырактардын иштөөсүн камсыз кылуу, жол белгилерин орнотуу, майрамдык жасалгалоо иштери мекеменин жумушчулары тарабынан ишке ашырылды.
Шаар мэри "Таза Нарындын" жыл ичинде аткарылган иштерин канаттандырарлык деп белгилеп, ыраазычылык билдирди.