"Өзгөн балык чарбасы" ишканасына балыктарга тоют даярдоочу цехтер курулат

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Нурлан Дүйшеев, Балык чарба департаментинин директору Самарбек Күчүков “Кыргызстандагы балыкчылыктын туруктуу өнүгүүсү” боюнча БУУнун "Азык-түлүк жана айыл чарба" долбоорунун өкүлдөрү менен Өзгөн районундагы балык чарбасында жүрүшөт. Муну бүгүн, 15-сентябрда министрликтен билдиришти. Иш сапардын максаты – балык чарбасын өнүктүрүүгө багытталган техникалык долбоорду ишке ашыруу. Долбоордун алкагында “Өзгөн балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын алдында балыктарды азыктандыруучу тоюттарды даярдоочу цехтерди куруу маселеси каралууда. Мындан сырткары өкмөт өкүлдөрү Өзгөн балык чарбасына донордук жана гранттык каражаттарды тартуу максатында Ош облусунун башчысы, Өзгөн районунун акими жана айыл башчылары менен жолугушуу өткөрмөкчү. Долбоордун бюджети 336 миң доллар экени айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан