Жалал-Абад. Шаардык кеңештин депутаттары менен облус жетекчиси Жалал-Абад шаарынын стратегиялык өнүгүүсүн талкуулашты
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусубали Төрөмаматов Жалал-Абад шаардык кеңешке шайлоодо утуп чыккан үч фракциянын депутаттары менен жолугушуу өткөрүп, шаардын стартегиялык өнүгүүсүн талкуулады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков маалымдады. Жыйынга Жалал-Абад облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Кочкоров, Кыргызстан элдер Ассамблеясынын облустагы бөлүмүнүн жетекчиси К.Чойбеков жана коомдук активисттер катышты. "Жыйында шаарды өнүктүрүү багытындагы пландар талкууланып, Жалал-Абад шаарынын бюджети бүгүнкү күнгө чейин бекитилбегендигине байланыштуу облус жетекчиси депутаттарды ынтымакка чакырып, ишти улантууга үндөдү",- дейт Стамбеков.